Кара-Суунун мурдагы акими УКМКнын Ош облусу, шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды
Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси кызматына киришти. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 3-мартта, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында УКМК төрагасынын орун басары генерал-майор Эрбаев А.Т облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчи Канат Табалдиевди тааныштырды.
Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, алардын орун басарлары, ошондой эле облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып, Канат Табалдиевдин жаңы кызматында ийгиликтерди каалашты.
Канат Табалдиев буга чейин Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп иштеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


