Ош: депутаттар мугалимдердин коммуналдык кызматтары үчүн төлөнүүчү акчасы эмне үчүн берилбей калганын сурашты

Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, мекеме-ишканалардын жетекчиси жана 39 депутат катышууда. 

Күн тартибине 9 маселе коюлган. 

Алгач 1-маселе - "Ош шаарынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылга карата планда мезгили жөнүндө" маселеси каралды.

Анда депутат Айдар Камалов Ош мэриясынын "Эвакуатор" мекемеси качан түзүлгөнүн сурады. 

Ош шаардык мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Максат Орозалиев "Эвакуатор" муниципалдык ишканасы Бишкек мэриясынын мисалында түзүлүп, ал ишкана шаардагы башаламан эвакуатордук кызматтарды иретке келтирүү максатында ачылганын айтты. 

Эл өкүлү Камалов бул ишкана качан ишке түшкөнүн билбестигин сурады. 

Максат Орозалиев: 2025-жылы.

Айдар Камалов: Ал жылы мен бардык сессияда бар элем. Билген эмесмин. Ким түзгөн болсо да "протоколдук поручени" бергенге укугубуз бар.

"Бир бол" фракциясынан депутат Арыпбек Айтбаев 2025-жылы 3,5 млрд сомго жакын болгонун, бюджет эмненин себебинен көбөйүп жатканын сурады. 

Биринчи вице-мэр киреше салыгы боюнча жана башка себептер боюнча көбөйгөнүн билдирди. 

Арыпбек Айтбаев: Ош шаарындагы мектептердеги мугалимдердин ар бирине ар 6 айда коммуналдык кызматтар үчүн шаардык бюджеттен 1800 сомдон төлөп турган экен. Ошол былтыр берилбей калыптыр. 

Биринчи вице-мэр мугалимдердин айлыгы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ал төлөмдөр төлөнбөй калганын айтып, мугалимдердин ком.кызматтарына бюджеттен жалпы бөлүнө турган акчанын суммасы 16 млн сомду түзөрүн билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз