Ош: Бекмамат Осмонов көчөсүнө эгилген көчөттөрдүн дээрлик көпчүлүгү куурап калган

Ош шаардык кеңешинин XIX сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, мекеме-ишканалардын жетекчиси жана 39 депутат катышууда. 

Күн тартибине 9 маселе коюлган. 

Алгач 1-маселе - "Ош шаарынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылга карата планда мезгили жөнүндө" маселеси каралды.

Ада "Ынтымак" фракциясынан депутат Гүлназ Исаева Б. Осмонов көчөсүндө эгилген клендордон 4 даанасы гана калганын айтып, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына кайрылды. 

Вице-мэр Эрнис Толтоев тиешелүү мекемелер менен жеринде карап, жооп берерин билдирди. 

Жанар Акаев кошумчалап, шаардык көрктөндүрүү мэриянын приоритеттүү багыты экенин, ишкерлерге кайрылып, көчөт алып берүүнү суранып жатканын айтты.

Ошондой эле эл өкүлү  "Эвакуатор" кызматы 2025-жылы канча акча тапканын сурады.

Биринчи вице-мэр өткөн жылы план коюлбаганын билдирди 

Эрнист Толтоев 2026-жылга 20 млн сом план коюлганын айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз