Кыргызстанда Умра сапарлары убактылуу токтотулду

Кыргызстанда кырдаал турукташканга чейин Сауд Арабиясына умра сапарына баруу убактылуу чектелди. Бул тууралуу өлкөнүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) билдирди.

Муфтиятта муфтий Абдулазиз Закиров, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, авиакомпаниялар жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышкан жыйын өттү.

Мамлекеттик органдар Сауд Арабиясында жүргөн кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары тууралуу маалымат берип, зарыл болсо аларды мекенине кайтаруу мүмкүнчүлүктөрү да каралганын билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:
    •    Кыргыз Республикасынын жарандарын умра сапарына жөнөтүүнү кырдаал турукташканга чейин убактылуу чектөө;
    •    туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга абал нормалдашканга чейин умра сапарларын уюштуруудан карманып туруу сунушталды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз