"Ош ТВ" муниципалдык мекемесинин жетекчиси алмашты
Акылбек Орозматов “Ош ТВ” муниципалдык мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.
Акылбек Орозматов буга чейин "Ынтымак" ТРКСында журналист, Билим берүү жана илим министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген. Ошондой Орозматов акыркы учурда Жогорку Кеңеште иштеп жаткан.
Марат Акимбеков "Ош ТВ" телеканалын 4 жылдан бери жетектеп келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



Акылбек Орозматов.