Бекдолот Расулбеков АКШда Арнольд Шварценеггер фестивалында эң мыкты оор атлет деп таанылды

Кыргызстандык спортчу Бекдолот Расулбеков АКШда өткөн Arnold Sports Festival фестивалында эң мыкты оор атлет деп табылды.

Virus Weightlifting Series турнири 5–8-март күндөрү Колумбус шаарында (Огайо штаты) өттү. Бул мелдеш 1989-жылы Арнольд Шварценеггер негиздеген спорт фестивалынын алкагында уюштурулган.

Бекдолот Расулбеков 110 кг чейин салмак категориясында күч сынашты. Бул салмакта жалпы 108 спортчу катышкан.

Жулуп көтөрүү (рывок) боюнча кыргызстандык спортчу:
    •    биринчи аракетинде 160 кг,
    •    экинчи аракетинде 165 кг көтөрдү.

Акыркы 170 кг салмактагы аракет ийгиликсиз болду.

Ошого карабастан Расулбековдун 165 кг көрсөткүчү бул дисциплинада эң жакшы натыйжа болуп, ал кичине алтын медаль жеңип алды.

Түртүп көтөрүү (толчок) дисциплинасында кыргызстандык спортчу, Marin Heavy Athletics командасынын атынан чыгып, үч аракетин тең ийгиликтүү аткарды:
    •    190 кг
    •    200 кг
    •    210 кг

Бул көрсөткүчтөр менен дагы бир кичине алтын медалга ээ болду.

Эки көнүгүүнүн жыйынтыгында анын жалпы көрсөткүчү 375 кг болуп, Расулбеков 1-орунду ээлеп, негизги алтын медалды жеңип алды.

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортчу эң мыкты оор атлет деп табылып, MVP сыйлыгына татыды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз