Мыктыбек Оролбай уулу UFC'де кезектеги беттешин өткөрөт
Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу (15 жеңиш, 2 жеңилүү) Ultimate Fighting Championship уюмунда кезектеги беттешин өткөрөт.
Ал UFC Fight Night 269 турниринин алкагында беттешет. Мелдеш 15-март күнү таңга жуук Лас-Вегас шаарында (Невада, АКШ) өтөт.
Жарым орто салмактагы (welterweight) беттеште кыргызстандыктын атаандашы АКШлык Крис Кёртис (17 жеңиш, 2 жеңилүү) болот.
Мыктыбек Оролбай уулу учурда эки мөөнөтүнөн мурда аяктаган жеңиштен турган серия менен келе жатат. Ал Азербайжандан келген Тофик Мусаевди кимура ыкмасы менен жеңип, андан кийин швециялык Жек Херманссонду нокаут менен уткан.
Мындан мурда 27 жаштагы кыргызстандык UFC уюмундагы алгачкы жеңилүүсүн тартып, польшалык Матеуш Ребецкиге калыстардын бөлүнгөн чечими менен утулуп калган.
Ал эми Крис Кёртис акыркы беттешинде америкалык Макс Гриффинди калыстардын бөлүнгөн чечими менен жеңген. Бул жеңиш менен ал мурдагы эки жеңилүүдөн турган сериясын токтоткон. Ал ошол эки беттеште Брендан Аллен жана Роман Копыловго утулуп калган.
Оролбай уулу өткөн жылы жеңил салмактан жарым орто салмакка көтөрүлгөн. Ал эми Кёртис бул дивизиондогу экинчи беттешин өткөрөт — ал мурда орто салмак категориясынан түшкөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


