Бишкекте аймактык милиция кызматкеринин көзүнө сокку урган жаран кармалды
Бишкек шаарында бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 12-мартта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-март күнү кечки саат тогуз жарымдар чамасында милицияга Жумабек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө кошуналар урушуп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.
Окуя болгон жерге участкалык милиция кызматкери барган. Териштирүү учурунда лифттен чыккан бир эркек күтүүсүздөн милиция кызматкеринин бетине сокку урган. Милиционер көз айнек тагынып жүргөндүктөн, соккудан айнеги сынып, анын сыныктары көзүнө зыян келтирген. Натыйжада ал оң көзүнүн төмөнкү кабагынан жыртылган жаракат алган. Жабырлануучу нейротравматология бөлүмүнө жеткирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталды.
Милиция кызматкерлери 2005-жылы туулган К.Н. аттуу шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


