Кыргыз-казак чек арасындагы 2 өткөрмө пунктка эл аралык статус берилет. ЖК протоколду кабыл алды

Жогорку Кеңеш 12-мартта үчүнчү окууда «2003-жылдын 25-декабрында түзүлгөн Кыргызстандын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттар жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды. Протокол 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган.

Документ протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. Аталган протокол 2025-жылдын 21–22-августунда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында, 22-августта Бишкекте кол коюлган.

Мыйзам долбооруна ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттар тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизген протоколду ратификациялоо сунушталууда. Тактап айтканда, «Камышановка — автожол» өткөрмө пунктунун аталышын «Төмөнкү-Чүй — автожол» деп өзгөртүү каралган. Ошондой эле анын макамын эки тараптуу өткөрмө пункттан көп тараптуу (эл аралык) өткөрмө пунктка өзгөртүү жана иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою иштеген режимге өткөрүү сунушталууда.

Мындан тышкары, «Кичи-Капка — автожол» өткөрмө пунктунун макамын да эки тараптуу пункттан көп тараптуу (эл аралык) өткөрмө пунктка өзгөртүү каралган.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү кыргыз-казак чек арасынан жарандардын жана транспорт каражаттарынын өтүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул жүк жана жүргүнчү агымын көбөйтүүгө, чет өлкөлүк туристтерди тартууга жана чек ара инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзөт.

Учурда өткөрмө пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу мезгил-мезгили менен байкалгандыктан, иштеп жаткан пункттардагы жүктү азайтуу максатында алардын макамын өзгөртүү сунушталууда.

Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Көп тараптуу ишмердүүлүктү чакан колдоо — Кыргыз Республикасы үчүн чакан чыгымдарды каржылоо механизми (SEFF)» долбоорунун алкагында «Кичи-Капка — автожол» жаңы өткөрмө пунктун капиталдык куруу, ошондой эле өткөрмө пункттарын чек ара көзөмөлүнүн заманбап техникалык каражаттары менен жабдуу каралган.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин 2007-жылдын 19-ноябрындагы №556 токтом менен бекитилген «Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобиль, аба жана темир жол каттамдары үчүн арналган өткөрмө пункттарынын иштөө тартиби жана ички стационардык посттор жөнүндө» өкмөттүн токтомунун 1-тиркемесиндеги 4 жана 10-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз