Мыктыбек Оролбай уулу UFC'де жаңы рекорд койду

Кыргызстандын аралаш мушташ өнөрү (MMA) боюнча мушкери Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмунун жарым орто салмак (77 кг) дивизионунда бир беттеште эң көп ийгиликтүү партерге алып түшүрүү (тейкдаун) боюнча жаңы рекорд койду.

Бул рекорд 15-мартта Лас-Вегас шаарында өткөн UFC Fight Night 269 турниринде америкалык мушкер Крис Кёртис менен болгон беттеште катталды.

Беттеш учурунда Оролбай уулу 19 жолу ийгиликтүү тейкдаун жасады. Бул көрсөткүч UFCнин жарым орто салмак категориясынын тарыхындагы эң мыкты жыйынтык болуп калды. Беттештин башында эле кыргызстандык мушкерге сол колдуу атаандашына каршы тикесинен (стойкада) күрөшүү ыңгайсыз болуп жатканы байкалды. Беттештин биринчи мүнөтүндө эле ал Кёртисти партерге түшүрүп, кармаштын жүрүшүн көзөмөлдөй баштады. Калган убакыт ичинде Оролбай уулу дагы 18 жолу ийгиликтүү партерге алып түшүрүү жасады.

UFC уюмунда бир беттеште эң көп тейкдаун жасоо боюнча абсолюттук рекорд жеңил салмак (70 кг) категориясындагы мушкер *Хабиб Нурмагомедов*го таандык. Ал 2013-жылы америкалык мушкер Абель Трухильо менен болгон беттеште атаандашын 21 жолу партерге түшүргөн.

Бул рейтингде экинчи орунду жеңил салмак (61 кг) категориясындагы мушкер Мераб Двалишвили ээлейт. Ал 2025-жылы Кори Сэндхаген менен болгон беттеште 20 ийгиликтүү тейкдаун жасаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз