Иран атышууну токтотууну же сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сурабайт, - Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүүсү маселесин башка өлкөлөр менен талкуулоого даяр экенин билдирди. Бул кысык батыштагы Перс булуңун чыгыштагы Оман булуңу жана Араб деңизи менен байланыштырган стратегиялык маанилүү деңиз жолу болуп саналат. Бул тууралуу Ирандын ТИМинин башчысы америкалык CBS телеканалына берген маегинде айтты.
— Дональд Трамп азырынча Иран менен келишим түзүүгө даяр эмес экенин билдирди. Иран ок атышууну токтотууну сурандыбы?
— Жок. Биз эч качан ок атышууну токтотууну суранган эмеспиз жана сүйлөшүүлөрдү да талап кылган жокпуз. Биз өзүбүздү канча убакыт керек болсо ошончо убакыт коргоого даярбыз. Президент Трамп бул мыйзамсыз согуш экенин жана анда жеңиш мүмкүн эмес экенин түшүнмөйүнчө коргонуу аракеттерибизди уланта беребиз.
— Ормуз кысыгы жабылдыбы? Ал эми кысык аркылуу кеме жүрүүсүнүн коопсуздугуна тынчсызданган өлкөлөргө эмне айтасыз?
— Биз өз кемелеринин коопсуз өтүүсү боюнча биз менен сүйлөшүүнү каалаган өлкөлөр менен диалогго ачыкпыз. Конкреттүү мамлекеттерди айта албайм, бирок буга чейин бир нече өлкө бизге кайрылып, кемелеринин коопсуз өтүүсүн камсыздап берүүнү суранышты.
Бул маселени биздин аскерлер чечет. Алар буга чейин эле айрым кемелер тобуна коргоо алдында коопсуз өтүүгө уруксат берүү чечимин кабыл алышкан. Биз алардын өтүүсү учурунда коопсуздугун камсыздап жатабыз, анткени бул кысыкты биз жапкан жокпуз.
— Сиздердин дрондор жана ракеталар АКШнын союздаштары болгон коңшу өлкөлөргө сокку урууда. Согуштан кийин мамилелерди кантип калыбына келтиресиздер?
— Ал өлкөлөр АКШга өз аймагын бизге каршы чабуул жасоо үчүн колдонууга уруксат беришкен. Америкалык күчтөр алардын аймагынан бизге сокку уруп жатканын карап отура албайбыз.
Ал ошондой эле Ирандын ядролук объекттери «азыр урандылардын астында калганын» жана «азырынча аларды калыбына келтирүү боюнча программа да, план да жок экенин» айтты.
Арагчи кошумчалагандай, Иран менен АКШнын ортосунда ядролук келишим боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Тегеран байытылган уранды төмөн деңгээлге чейин суюлтууну сунуштаган.
«Бул олуттуу жеңилдик болчу», — деди ал.
Бирок анын айтымында, азыркы жаңжал кырдаалды өзгөрттү: «Азыр сүйлөшүү үстөлүндө эч нерсе жок, баары келечектеги жагдайга жараша болот».
«Бул согуш — президент Трамп менен АКШнын жеке тандоосу. Биз болсо өзүбүздү коргоону улантабыз», — деп кошумчалады ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


