Түлөевдердин Чүй-Абдрахманов көчөсүндөгү ЦУМ/ГУМдун жанындагы курулуп жаткан имаратты бузулат
Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги ЦУМдун жанындагы имаратты бузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу «Ташболот Холдинг» компаниясынын жетекчиси Назгуль Тюлеева билдирди.
«Бул шаар тургундары “коробка” деп атап жүргөн объект тууралуу сөз болуп жатат», — деп жазды ал.
Тюлееванын айтымында, бул имарат Old Bishkek долбооруна тиешеси жок жана башка үч кожоюнга таандык.
«“Ташболот Холдинг” компаниясы техникалык бөлүгү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат: бузуу иштери жакынкы күндөрү Old Bishkek долбоорунун адистери тарабынан жүргүзүлөт. Андан кийин бул аймак ачык жана көрктөндүрүлгөн абалга келтирилет», — деди ал.
2025-жылдын декабрында ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев курулуштун буюртмачысы Нариман Тюлеевге имараттын үчүнчү кабатын бузуу талабын койгон. Себеби башында Чүй–Абдрахманов кесилишинде Old Bishkek долбоорунун алкагында 2 кабаттуу имарат курулары айтылган.
Ташиевдин талабынан кийин үчүнчү кабат бузулган.
Ал эми Тюлеев Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө соода-көңүл ачуучу борборлор жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай менен “өзүнүн Монте-Карлосун” түзүүнү убада кылган. Бул тилке май айынан декабрга чейин унаа кыймылы үчүн жабык болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


