ИИМ "Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатканын билдирди.

Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы «Өздөрүнө мунай: Кыргызнефтегаз кантип талкаланды?» аттуу иликтөөнүн видеоматериалдарын жарыялаган. Анда аталган ишкананын кызмат адамдарынын мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалыматтар камтылган.

Аталган материалдарга ылайык, ишкананын айрым кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, байланышкан компаниялар менен сүйлөшүп алып, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу жана бөлүштүрүү схемаларын уюштурушкан.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдары «Кыргызнефтегаз» стратегиялык мааниге ээ жана толугу менен мамлекетке таандык экенин билип туруп, ошондой эле анын мамлекет менен коомдун кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу иштешин камсыз кылуу милдети жүктөлгөнүн түшүнүп туруп, бул милдеттерге каршы аракеттенишкени аныкталган.

«Республикада күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы өсүп жаткан шартта, абалды турукташтыруу чараларын көрүүнүн ордуна, алар бул тармакты көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдардын такталбаган кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алышкан. Натыйжада айрым байланышкан компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, өздөрү жана башка адамдар үчүн мыйзамсыз материалдык пайда табууга шарт түзүлгөн, анын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу жолдору колдонулган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон.

«Азыркы учурда Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен иштин жагдайларын ар тараптуу жана калыс иликтөөгө, ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган бардык зарыл тергөө жана процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалашты ИИМден.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз