Иран Перс булуңундагы энергетикалык объекттерге сокку жасады

Ирандын аскерлери Рас-Лаффан өнөр жай шаарына (Катар) ракеталык сокку урушту. Бул жерде дүйнөдөгү эң ири суюлтулган жаратылыш газын (СПГ) өндүрүүчү комплекс жайгашкан. Чабуулдун натыйжасында объект «олуттуу зыянга» учураганын QatarEnergy компаниясынын билдирүүсүнө таянып Reuters жазды.

Катар бийлигинин маалыматы боюнча, сокку болгон жерде чыккан өрт көзөмөлгө алынып, жабыркагандар жок.

Bloomberg агенттиги белгилегендей, Рас-Лаффандагы завод дүйнөлүк СПГ жеткирүүлөрүнүн болжол менен бештен бирин камсыздайт. Ишкана март айынын башында ирандык дрондун мурдагы чабуулунан кийин ишин токтоткон. 18-март, шаршембиде, Иран аймактагы мүмкүн болгон буталардын тизмесин жарыялаган соң (анын ичинде Рас-Лаффан да бар), объект толугу менен эвакуацияланган.

Катар Тышкы иштер министрлиги бул кол салууну айыптап, аны «кооптуу чыңалуунун күчөшү жана суверенитетти одоно бузуу», ошондой эле «улуттук коопсуздукка жана аймактын туруктуулугуна түз коркунуч» деп атады.

Bloomberg белгилегендей, Рас-Лаффанга жасалган сокку жаңжалдын жаңы баскычын билдирет жана Перс булуңундагы негизги энергетикалык инфраструктурага түз таасир этти. Ормуз кысыгы жабылышы жана өнөр жай объекттерине соккулар мунай менен газдын баасынын кескин өсүшүнө алып келип, аймактагы бир катар өндүрүүчүлөрдү өндүрүштү кыскартууга мажбур кылды. Акыркы чабуулдар кысыкты кайра ачкандан кийин да жеткирүүлөр тез калыбына келет деген үмүттү күмөн саноого түрттү.

Катар Коргоо министрлиги билдиргендей, Иран Катар тарапка дагы беш баллистикалык ракета учурган, алардын төртөөсү атып түшүрүлгөн. Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Тани бул чабуулду «акылга сыйбаган жана дүйнөдөгү эң маанилүү энергетикалык борборлордун биринде жаңжалдын кооптуу күчөшү» деп атады.

Ал эми Сауд Арабиясы Коргоо министрлиги Эр-Рияд үстүнөн сегиз баллистикалык ракетанын кармалганын билдирди. Алардын сыныктары шаардын ар кайсы жерлерине, анын ичинде борбордун түштүгүндөгү мунай иштетүүчү заводдун жанына түшкөн. Жарандык коргонуу кызматы төрт чет элдик жаран сыныктардан жаракат алганын маалымдады. Ошондой эле алты дрон атып түшүрүлгөн, алардын бири Чыгыш провинциясындагы газ объектине багытталганын CNN билдирди.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бин Фархан бейшембиде араб жана ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин журналисттерге Сауд Аравиясы «зарыл болсо аскерий чара көрүү укугун сактап калат» деп билдирди. Ал өлкө «басымга баш ийбесин» да кошумчалады.

Анын айтымында, Эр-Рияддагы эки мунай иштетүүчү завод чабуулга кабылып, ошондой эле Катардагы Рас-Лаффан шаарындагы өнөр жай объектиси олуттуу зыян тарткан.

Британиянын деңиз соода операциялары борборунун маалыматы боюнча (UKMTO), бейшемби таңында Оман булуңу аймагында, Бириккен Араб Эмираттары жээгине жакын жерде белгисиз снаряд кеме тийгизген. Кеме Хор-Факкан шаарынын чыгыш тарабында кырсыкка учурап, анын бортунда өрт чыккан.

Ошондой эле Абу-Дабиде кармалган ракеталардын сыныктары түшкөндөн кийин негизги энергетикалык объекттерде газ өндүрүү убактылуу токтотулган. Куткаруу кызматтары Баб мунай кени жана Хабшан газ комплекси аймагындагы окуяларга жооп кайтарууда. Бул жерде дүйнөдөгү эң ири кургактагы газ иштетүүчү заводдордун бири жайгашкан.

Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык инфраструктурага соккулардан кийин дүйнөлүк мунай баасы баррелине 110 долларга чейин кескин өстү.

Буга чейин Тегеран Түштүк Парс кенине жасалган соккудан кийин Перс булуңундагы өлкөлөрдүн энергетикалык инфраструктурасына чабуул жасоону эскерткен. «Түштүк Парс» — дүйнөдөгү эң ири газ кени: анын түндүк бөлүгү Катарга, ал эми түштүк бөлүгү Иранга таандык. Бул кен Түркияга энергия жеткирүүнүн негизги булактарынын бири болуп саналат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз