Кремлде Путин менен Трамптын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү

АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кремлдин маалыматына ылайык, жолугушуу үч жарым сааттан ашык убакытка созулган. Бул тууралуу «Би-би-си» жазды.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, АКШ өкүлдөрү Владимир Путинге Трамптын Зеленский менен Давосто болгон жолугушуусунан алган таасирлери жана баалоолору, ошондой эле декабрь жана январь айларында өткөн Флоридадагы жана бир катар европалык борборлордо болгон жолугушуулар тууралуу маалымат беришкен.

Ушаковдун билдиришинче, АКШ өкүлдөрү менен Орусия президентинин сүйлөшүүлөрү алынган маалыматтардын негизинде “эки тараптуу форматта мындан аркы аракеттердин параметрлерин аныктоого” багытталган. Анын айтымында, тараптар макулдашкан кийинки кадам — коопсуздук маселелери боюнча Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрү катышкан үч тараптуу жумушчу топтун биринчи жыйыны, ал 23-январда Абу-Дабиде өтөт.

Орусиялык делегация буга чейин түзүлүп, Путинден так көрсөтмөлөрдү алган жана жакынкы убакта Абу-Дабиге жөнөйт. Делегациянын курамына Коргоо министрлигинин жетекчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде ГРУнун башчысы Игорь Костюков кирген.

Мындан тышкары, Абу-Дабиде Стив Уиткофф менен Орусиянын Тике инвестициялар фондунун (РФПИ) башчысы Кирилл Дмитриевдин жолугушуусу өтөт. Алар эки тараптуу экономикалык маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчилери болуп саналат.

Юрий Ушаков журналисттерге Кремлдеги сүйлөшүүлөр “абдан мазмундуу, конструктивдүү, өтө ачык жана ишенимдүү шартта өткөнүн” белгиледи.

Ошол эле учурда, анын айтымында, Москва жолугушууда кайрадан “аймактык маселе чечилмейинче узак мөөнөттүү жөнгө салууга үмүт артууга болбой турганын” билдирген.

«Бул маселе чечилмейинче, Орусия СВОнун алкагында коюлган максаттарына жетүүгө аракетин улантат», — деди Ушаков.

Ал ошондой эле жолугушууда Трамптын “тынчтык кеңешин” түзүү демилгеси, бир катар аймактык маселелер жана Гренландиянын айланасындагы кырдаал талкууланганын кошумчалады.

Ушаковдун айтымында, Москва АКШда тоңдурулган орусиялык активдерден 1 миллиард долларды “тынчтык кеңешинин” бюджети үчүн бөлүүнү сунуштаган.

Калган каражаттарды болсо, Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин, согуштан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө багыттоого болорун айткан.

Ак үй Кремлдеги жолугушуунун жыйынтыктарына азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Дональд Трамп Давостан АКШга кайтып келе жатып, Air Force One учагында журналисттерге Путин менен Зеленский экөө тең ага согушту токтотуп, макулдашууга жетүүнү каалап жатканын айтышканын билдирген.

Бейшемби күнү кечинде америкалык делегацияны ташыган учак Москвадагы “Внуково-2” аэропортуна конгон. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00дөн кийин Кремль америкалык өкүлдөр менен Путиндин жолугушуусу башталганын жарыялаган.

Орусия тараптан жолугушууга президенттен тышкары Юрий Ушаков жана чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүл Кирилл Дмитриев катышкан.

АКШ делегациясынын курамына Уиткофф жана Кушнерден тышкары мурда аталбаган дагы бир адам — АКШнын Жалпы кызматтар башкармалыгынын Федералдык сатып алуулар кызматынын комиссары Жош Грюнбаум кирген.

Уиткофф менен Кушнердин Москвага болгон бул сапары 2026-жылдагы биринчи визит болду. Алар акыркы жолу Путинге өткөн жылдын декабрында барышкан. Андан мурда Уиткофф Москвага беш жолу жалгыз өзү келген.

Ошол эле күнү Давосто Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу да өткөн. Зеленский буга чейин Швейцарияга барарына ишенбегенин айткан, анткени Трамптын күн тартибинде Украина эмес, Гренландия негизги маселе болот деген пикирде болгон. Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, Трамп менен европалык лидерлердин ортосундагы пикир келишпестиктерден улам Украинанын “өнүгүү планына” кол коюу кийинкиге жылдырылган.

Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча так билдирүүлөр жасалган эмес.

Зеленский социалдык тармактарда кыскача билдирүү жасап, Трамп менен тынчтык келишими боюнча иштердин жүрүшүн жана АКШнын Украина ПВОсуна көрсөткөн жардамын талкуулаганын жазган. Кийинчерээк ал Давостан аба коргонуу системалары боюнча жаңы жардам пакетине байланыштуу айрым макулдашуулар менен кайтып жатканын, бирок ким менен макулдашылганын тактаган эмес.

Өз кезегинде Трамп:

«Зеленский менен жолугушуу жакшы өттү деп ойлойм. Процесс уланууда. Көрөбүз. Эртең биз Орусия, президент Путин менен жолугушабыз. Баары согуштун бүтүшүн каалашат», — деди.

Трамп менен жолугушуудан кийин Зеленский Дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөп, Европанын чечкинсиздигин сынга алып, “бул Күн сурокту токтотууга” чакырды.

«Европада тынымсыз ички талаштар жүрүп жатат. Айтылбай калган, так эмес нерселер өтө көп. Бул Европага Орусияга каршы турууга тоскоол болууда. Партиялар, кыймылдар, коомчулуктар бири-бири менен күрөшүп жатышат, Орусияны токтотуунун ордуна. Ал эми Орусия баарына кыйроо алып келүүдө», — деди Зеленский.

Ал ошондой эле Украина, Орусия жана АКШ өкүлдөрүнүн биринчи үч тараптуу жолугушуусу жакында болорун жарыялады. Бул сүйлөшүүлөр техникалык деңгээлде Абу-Дабиде жума күнү башталып, эки күнгө созулат.

«Бул диалог болбогондон көрө жакшы», — деп белгиледи Украина президенти.

Зеленскийдин айтымында, украин делегациясынын курамына беш адам кирет:
Рустем Умеров, президенттик аппараттын жетекчиси Кирилл Буданов, анын биринчи орун басары Сергей Кислица, «Эл кызматчысы» фракциясынын лидери Давид Арахамия жана ВСУнун Башкы штабынын башчысы Андрей Гнатов.

Абу-Дабиде жумушчу топтордун деңгээлинде сүйлөшүүлөр өтөрүн бейшемби күнү эртең менен Уиткофф да билдирген. Анын айтымында, согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр олуттуу прогресске жетип, иш жүзүндө “бир эле маселенин” айланасында калды. Бирок ал кайсы маселе экенин тактаган эмес.

Давосто журналисттер менен болгон маегинде Зеленский АКШ тарабынан коопсуздук кепилдиктери боюнча документ толук даяр экенин, бирок аймактар боюнча макулдашууга азырынча жетишилбегенин айткан.

Москва украин аскерлерин Донбастын толук аймагынан, анын ичинде Орусия көзөмөлүнө өтпөй калган бөлүктөрүнөн да чыгарып кетүүнү талап кылууда. Украина муну кабыл алынгыс деп эсептейт.

Буга чейин, ноябрда, Абу-Дабиде АКШнын армия министри Дэн Дрисколл орусиялык өкүлдөр менен консультация өткөргөн. ММКлардын маалыматына ылайык, анда Буданов баштаган украин делегациясы да орусиялык жана америкалык тараптар менен байланышта болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз