Ташиевден тергөө иштерине байланыштуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат алынды

Мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (ГКНБ) төрагасы Камчыбек Ташиевге маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат алынды. Бул тууралуу 19-мартта «Сводка АКИpress» редакциясына булактар билдиришкен.

Учурда ал Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында суракта болуп жатат. Аны эки кылмыш иши боюнча күбө катары чакырышкан.

Ташиев Кыргызстанга 19-март күнү эртең менен кайтып келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз