Жаратылышты коргоо жалпыбыздын милдетибиз

NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жапайы жан жаныбарларды, анын ичинен илбирсти коргоо максатында 2023-жылдын 27-апрелининен бери иштеп келет. Бөлүм негизинен элге экологиялык билим берүү жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү менен алектенет. Башкача айтканда, бала бакчадагы тарбиялануучудан тартып, мектеп окуучуларына, ЖОЖдун студенттерине жана жергиликтүү тургундарга чейин жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөп, экологиялык билимдерди атайын окуу тренингдер аркылуу жеткирет. Ал эми уюмдун башкы жумушу болгон илбирсти сактоо жана алардын азыктануу чөйрөсүн коргоо максатында, мамлекеттик экологиялык мекемелер менен биргеликте жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Алдыда NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмү 2025-жылы аткарган иштери тууралуу айтып беребиз.
 
“Барс-2” тобу
 
Түштүк бөлүмдүн мыйзамсыз аңчылык менен күрөшүү максатында түзүлгөн “Барс-2” тобу жылдык иш пландын негизинде мамлекеттик экологиялык уюмдар менен биргеликте пландуу жана пландан сырткаркы рейддерди уюштурду. Ошондой эле жаратылышты сактоого чакырып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт жана экосистеманы коргоого кайдыгер карабаган тургундар менен тыгыз байланышта иш алып барат. Мындан сырткары, өлкөнүн түштүк аймагындагы тоолорго фототузактарды орнотуу менен алектенет.
 
2025-жылы “Барс-2” тобунун кызматкерлери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 46 жолу пландуу жана пландан сырткары рейд өткөрүштү. Анын жыйынтыгында, мыйзамсыз аңчылык менен алектенген жарандардын жапайы жан жаныбарларга зыян тийгизген бир канча фактларын аныктап, алар боюнча маалыматтарды укук коргоо органдарына өткөрүп беришти.
 

Былтыры түштүк облустарда өткөн иш-чаралардын натыйжасында, аң уулоо жана балык уулоо эрежелерин бузган учурлар көп катталганы байкалды. Айрым учурларда мыйзамсыз тузак коюу, синтетикалык торлорду колдонуу фактылары аныкталды. Ал арада тоо эчкисин мыйзамсыз аткан факт да катталды. Эсиңиздерде болсо керек, тоо эчкисин аткан жаранга 300 миң сом доо коюлуп, 12500 сом айыппул салынат.
Рейддер учурунда мыйзамсыз аңчылык фактлары катталбаган учурлар да кездешет. Анда жергиликтүү жарандар, жарандык активисттер менен жолугушууларды өткөрүп, жаратылышка, анда байырлаган жапайы жан-жаныбарларга аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Ошондой эле аларга уюм тарабынан даярдалган таркатма материалдар да берилет.
Мындан сырткары, эл арасында жаратылышты, жан-жаныбарларды биргеликте коргоо максатында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, уюм менен кызматташкан жарандар күн өткөн сайын көбөйө баштады. Тактап айтканда, мамлекеттик органдын кызматкерлери сыяктуу эле, жергиликтүү жарандар да кайтарым байланышка тынымсыз чыккан учурлар көбөйдү. Бул нерсе – уюм аткарып жаткан иштин жыйынтыгы десек болот.
 
Ийгиликтүү иштер
 
Өткөн жылы аткарган ийгиликтүү иштердин айрымдарына токтоло кетсек, башкача айтканда, 2025-жылдын 14-майында Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө эки кийик атылганы аныкталган. Тактап айтканда, бул райондогу Көк-Арт айылынын Кашка-Суу жайлоосунда белгисиз жарандар эки кийикти атышкан. Жыйынтыгында, жеринде акт түзүлүп, кийиктин эти далил буюм катары Кара-Кулжа РИИБга андан ары териштирүү максатында өткөрүлүп берилген. Уюмдун “Барс-2” тобунун кызматкерлери жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте аныкталган бул факт боюнча жергиликтүү тургундар маалымат беришкен.
 
Бул жылы өрдөк, коен, кектилик аткардарга, балык уулагандарга, балыкка тор салгандарга, аңчылык куралдарды мыйзамсыз көтөргөндөргө мурунку жылга салыштырмалуу көп суммадагы айыппул салынды. Тактап айтканда, түштүк бөлүм жүргүзгөн рейддердин натыйжасында 115 адамга 1 674 500 сомдук айыппул салынды. Мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш жүргүзүү иш-чарасынын алкагында, же тактап айтканда, уюмдун түштүк бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга тартылган адамдардын жалпы саны 878ге жетти.

Уюмдун Түштүк бөлүмүнө жалпысынан 40 даана фотокапкан келген. Өткөн жылы анын баары тиешелүү аймактарга коюлган. Башкача айтканда, Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” МЖПга – 7 даана, Чаткал районундагы “Сары-Челек” Биосфералык коругуна – 5, Кара-Суу районундагы “Кожокелең” тоолоруна – 8, ал эми Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Чычкан капчыгайына жана Чүй облусунун Төө-Ашууга жакын жайгашкан кырка тоолоруна 20 фототузак орнотулган. Ал эми коюлган фототузактарды кайра чечип келүү иши ушул ушул жылдын жаз айларына пландалууда.
 
Албетте жогорудагы айтылган фактылар – аталган уюмдун түштүк бөлүмүнүн, мамлекеттик экологиялык мекемелердин кызматкерлери жана эл менен тыгыз кызматташтыкта иштешип жатканынын айныгыс далили десе болот.
 
Быйылкы жумуштар...
 
Быйыл акыркы үч айда уюмдун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик тиешелүү органдын өкүлдөрү менен биргеликте Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында атайын рейддерди, экологиялык окутууларды өткөрүштү.
 
Тактап айтканда, жыл башында жаңы жылдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу аңчылыкка чыккандардын саны көбөйдү. Ушундан улам, рейддик иш-чараларды күчөтүүгө туура келди. Анын алкагында, Ош облусунун дээрлик бардык райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар колго түшүп, алар аткан жаныбарлар жана канаттуулар үчүн айыппулдар салынды.
Февраль айында да Ош облусунун бир катар райондорунда атайын рейддер уюштурулду. Ал эми Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мектепке жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын бала бакчасынын тарбиялануучуларына экологиялык сабак өткөрүлдү.
 
Март айында Баткен облусундагы мамлекеттик экологиялык уюмдардын өкүлдөрү менен таанышуу, мындан ары тыгыз байланышта кызматташуу максатында Лейлек районунда болуп кайтышты.
 
Ошентип акыркы үч айда бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган иш-чараларга 300дөн ашык адам тартылып, мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен биргеликте 36 адамга жалпысынан 267 500 сомдук айыппул салынды.
 
Маанилүү!
 
Ош облусу боюнча 2024-жылы жаратылышка зыян келтирген 48 жолу мыйзам бузуу катталып, браконьерлерден 800 миң сомго жакын айыппул өндүрүлсө, 2025-жылы 178 протокол жазылып, андан 2 млн. сомдон ашык айыппул мамлекеттин казынасына төгүлгөн. Бул деген укук бузуулардын үч эсеге өскөнүн көрсөткөн.
 
Ал эми 2026-жылдын эки айында эле 78 укук бузуу боюнча протокол жазылды. Бул маалыматтар КР ЖРЭжТК министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн расмий билдирүүсү болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу март айынын башында мыйзамсыз аңчылыкты алдын алуу, укук бузууларды болтурбоо максатында, түштүк бөлүмдүн кызматкерлери, мамлекеттик экологиялык уюмдардын адистери менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн тургундарына аңчылык эрежелерин так сактоо боюнча атайын окутуу уюштурду.
  
Анын алкагында адистер КР МинКабдын 2025-жылдын 4-февралында күчүнө кирген аракеттеги “Кыргызстандын аймагында аңчылык кылуу эрежелери боюнча” № 55 токтомунун шарттарын айтышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
 
Эми алдыда элге экологиялык аң сезимди жогорулатуу, мыйзамсыз аңчылыкты болтурбоо жана аң уулоо эрежелерин сактоо максатында ушундай окутуу иштерин жер-жерлерде дайыма уюштуруп туруу пландалды. Андан сырткары, браконьерчиликке каршы күрөшүү ишин үзгүлтүксүз өткөрө бермекчи.
 
Даярдаган: А.Каракозуев.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз