Бишкекте "Антикино" жайларында рейд өткөрүлдү

Бишкекте «Антикино» форматындагы жайларга көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу 24-мартта шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ГУВД) ыкчам издөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20–21-март күндөрү «Антикино» жайларында рейд өткөрүшкөн. Текшерүүгө ондогон объекттер алынган.

Рейд өткөрүүгө айрым ушундай жайларда жашы жете электердин өзүнчө кабиналарда көзөмөлсүз жалгыз калышына шарт түзүлүп жатканы жана порнографиялык тасмаларга чектөөсүз жеткиликтүүлүк берилгени тууралуу маалымат негиз болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында администраторлорго жана жай ээлерине карата протоколдор түзүлгөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз