Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөрдү тез берүү ыкмасы киргизилиши мүмкүн
«Унаа» мамлекеттик мекемеси (Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору) «Айдоочулук күбөлүктү тездетип берүү» мамлекеттик кызмат стандартынын долбоору иштелип чыгып жатканын билдирди. Бул тууралуу 23-мартта мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
«Унаа» белгилегендей, бул демилге жарандардын айдоочулук күбөлүктү ыкчам алуу мүмкүнчүлүгү боюнча кайрылууларынын негизинде даярдалган.
Учурда бардык документтер толук болуп, экзамендер ийгиликтүү тапшырылган учурда күбөлүк кадимки тартипте 4 жумуш күнүнүн ичинде берилет. Ошол эле учурда альтернатива катары жарандардын тандоосу боюнча документти тездетилген тартипте алуу сунушталууда: 3 саатта, 1 жумуш күнүндө же 2 жумуш күнүндө.
Мамлекеттик борбордо белгилешкендей, мындай ыкчам кызматты киргизүү документтерди алууну ыңгайлуураак кылып, кезектерди кыскартууга жана кайра-кайра кайрылууларды азайтууга жардам берет.
«Бул кызмат айрыкча аймактарда жашаган жана убактысы чектелүү жарандар үчүн актуалдуу болушу мүмкүн», — деп эсептешет «Унаада».
Басма сөз кызматы кошумчалагандай, учурда стандарттын долбоору макулдашуу баскычында. Ыкчам кызмат үчүн төлөмдүн өлчөмү ал бекитилгенден кийин бардык чыгымдарды эске алуу менен «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте аныкталат. Андан соң тариф антимонополиялык органга кароого жөнөтүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


