Кыргызстандык боксчу Казакстандагы мелдеште алтын медаль утту
Кыргызстандык спортчу Элмурат Кукенов Казакстанда өткөн эл аралык бокс турниринде алтын медаль жеңип алды.
Казак ССРинин чемпиону Манарбек Ихсановдун элесине арналган бул турнир 4–9-март күндөрү Астана шаарында өттү. Жалпы эсепте 2010–2011-жылдары төрөлгөн спортчулар арасында 14 комплект медаль ойнотулду.
Кукенов 57 кг салмак категориясында күч сынашты. Бул категорияда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан жалпысынан 22 спортчу катышкан.
Кыргызстандык спортчу катары менен төрт жеңишке жетишип, 1-орунду ээлеп, алтын медаль утуп алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



