31-мартта мөөнөтсүз берилген айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу жараяны аяктайт

Кыргызстанда мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акция 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик эскертти.

Акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу белгиленген тартипте жүргүзүлүп, анын баасы 1389 сомду түзөт.

Ошол эле учурда мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөрдү медициналык 083 формадагы маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү 2026-жылдын 31-декабрына чейин сакталат.

Бул акциянын алкагында өлкө боюнча буга чейин 335 миңден ашуун жаран айдоочулук күбөлүктөрүн жаңылап үлгүрүштү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз