Кыргызстандын 3 боксчу World Boxing'дин рейтинггине кирди
Кыргызстандан үч мушкер World Boxing уюмунун жаңыланган дүйнөлүк рейтингине кирди.
Жаңыртылган рейтинг март айында, Дүйнө кубогунун жаңы сезону башталар алдында жарыяланды.
Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг салмак категориясында 975 упай менен 3-орунду ээлеп турат. Бул упайларды ал Париждеги Олимпиада оюндарында 2-орунду алуу менен топтогон.
Ихтияр Нишонов (70 кг чейин) рейтингде 8-орунда болсо, Нурадин Рустамбек уулу (75 кг чейин) 13-орунду ээлейт.
Жаңы рейтингде World Boxing Challenge турнирлеринде, Дүйнө кубокторунда, Дүйнө кубогунун финалдарында, дүйнө чемпионаттарында жана Олимпиада оюндарында алынган упайлар эске алынган.
World Boxing рейтинги дүйнө чемпионаттары, континенттик чемпионаттар, көп спорттук оюндар, Дүйнө кубогунун финалдары сыяктуу ири мелдештерде тайпалоону (сеяние) аныктоо үчүн колдонулат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



