Бокс боюнча дүйнөлүк чемпионат: Сейитбек уулу мелдештен четтеп, Нишонов чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Ихтияр Нишонов Англияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты, деп жазат "Спорт АКИпресс" басылмасы.

World Boxing уюмунун алдында өтүп жаткан турнир ушул күндөрү Ливерпуль шаарында өтүүдө.
 
Нишонов 70 кг чейинки салмак даражасында күч сынашып, мелдешти 1/16 финалдан баштаган. Алгач кыргызстандык спортчу шотландиялык каршылашын 5:0 эсеби менен жеңип алды. Андан соң 1/8 финалда түркмөнстандык боксчуну калыстардын бөлүнгөн чечими менен утту.
 
Нишонов чейрек финалга чыгып, анда анын атаандашы 2021-жылкы дүйнө чемпиону, 2022-жылкы Азия оюндарын уткан жапондук Севонтерс Оказава болот. Бул беттеш 10-сентябрда өтөт.
 
Париж Олимпиадасынын финалисти Мунарбек Сейитбек уулу англиялык боксчуга калыстардын чечими менен жеңилип калды. Ал эми Нурадин Рустамбек уулу биринчи раундда канадалык спортчуга утулду.
 
Бүгүн, 9-сентябрда, 65 кг чейинки салмакта Алмаз Орозбеков чейрек финалга чыгуу үчүн Кубадан келген олимпиада чемпиону менен беттешет.
 
70 кг чейин
1/8 финал
Ихтияр Нишонов – Байрамдурды Нурмухамедов (Түркмөнстан) — 3:2 (29:28, 28:29, 28:29, 29:28, 29:28)
 
60 кг чейин
1/8 финал
Уильям Хьюитт (Англия) – Мунарбек Сейитбек уулу — 3:2
 
75 кг чейин
1/8 финал
Нурадин Рустамбек уулу – Джошуа Уильям Офори (Канада) — Офори биринчи раундда жеңди

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз