Зеленский Перс булуңундагы үч өлкө менен абадан коргонуу чөйрөсүндө коргонуу боюнча макулдашууларга кол койду
Украина абадан коргонуу (ПВО) тармагында Перс булуңундагы бир катар өлкөлөр менен кызматташуусун күчөтүүдө. Аймакка болгон сапарынын жүрүшүндө Украинанын президенти Владимир Зеленский адегенде Сауд Арабиясы менен, андан кийин Катар жана Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен келишимдерге жетишти, деп билдирет AFP агенттиги.
«Бул он жылдык кызматташуу тууралуу. Биз буга чейин Сауд Арабиясы менен тиешелүү келишимге кол койдук, жаңы эле Катар менен да ушундай эле, 10 жылдык келишим түздүк, жана жакында БАЭ менен дагы бир келишимге кол коёбуз», — деди Зеленский ишемби күнү журналисттерге брифинг учурунда.
Март айынын ортосунда Зеленский Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө 201 украиналык аскерий адис иштеп жатканын, дагы 34ү «жайгаштырууга даяр» экенин билдирген. Алар ирандык дрондордун чабуулдарын кайтарууга жардам берүүдө. «Биздин командалар буга чейин БАЭге, Катарга жана Сауд Арабиясына барып жетишти, ошондой эле Кувейтке да жөнөтүлүүдө», — деген эле ал.
27-мартта Зеленский Telegram баракчасында: «Бириккен Араб Эмираттарында украин адистери бир нече жумадан бери адамдардын өмүрүн сактоого жардам берүү үчүн иштеп жатышат. Биз алардын өкүлдөрү менен жолугуп, алгачкы жыйынтыктарды жана сунуштарды талкууладык», — деп жазган.
Анын айтымында, украин адистери БАЭнин коопсуздук жана коргонуу күчтөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, абадан келүүчү коркунучтардан коргонуу системасын күчөтүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Бул маселе президент Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен болгон жолугушууда да талкууланган.
Зеленский белгилегендей, БАЭде абадан коргонуу жана маанилүү инфраструктураны коргоону украин тажрыйбасынын негизинде күчөтүүнүн так жолдору аныкталган. «Бул натыйжалуулугу далилденген комплекстүү чечимдер тууралуу болуп жатат», — деди ал.
Дохада Зеленский Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле премьер-министр шейх Мухаммед бин Абдель Рахман Аль Тани катышты.
Украина менен Катар коргонуу тармагында кеминде 10 жылдык өз ара пайдалуу өнөктөштүккө макулдашты. Башкы штабдардын жетекчилери тиешелүү келишимге кол коюшту. Ал биргелешкен коргонуу долбоорлорун, өндүрүштөрдү түзүүнү жана технологиялык өнөктөштүктү камтыйт.
«Мен Украинадагы коопсуздук абалы, Орусиянын тынымсыз чабуулдары жана анын иран режими менен тыгыз кызматташуусу тууралуу маалымат бердим», — деп кошумчалады Зеленский.
Анын айтымында, Перс булуңундагы үч өлкө менен түзүлгөн келишимдер 10 жылга эсептелген. Бул убакыт ичинде Украинада да, бул мамлекеттерде да биргелешкен өндүрүш ишканалары курулат.
Ошол эле учурда АКШ жана Израиль 28-февралдан бери Иранга аба соккуларын жасоодо. Бул соккулардын натыйжасында Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана бир катар жогорку даражалуу жетекчилер менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү каза болгону айтылууда.
Буга жооп катары Иран Перс булуңундагы коңшу өлкөлөргө ракеталар жана дрондор менен сокку урууда. Расмий Тегерандын билдирүүсүнө ылайык, бул чабуулдардын негизги максаты — аймактагы америкалык аскер базалары. Ошондой эле айрым өлкөлөрдөгү мунай сактоочу жайлар жана мунай ташыган танкерлер да соккуга кабылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


