Бишкек соту экс-депутат Айжигитовго 500 миң сомдук айып пул салынган чечимди күчүндө калтырды
Бишкек шаардык соту 16-мартта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовго карата биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 1-апрелде шаардык соттун басма сөз кызматы «Сводка АКИpress» редакциясына билдирген.
2025-жылдын 30-сентябрында Биринчи май райондук соту Айжигитовду КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 337-беренесинин 2-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууну уюштуруу, өзүнө же башка адамдарга пайда жана артыкчылык алуу максатында же жеке кызыкчылыктан улам») боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ага мамлекеттин пайдасына 500 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
УКМКнын маалыматына ылайык, Айжигитов депутат болуп турган учурда жубайын мыйзамсыз түрдө парламенттин аппаратына жумушка орноштурган. Ал иш жүзүндө иштебегени менен, 3,2 миллион сомдон ашык маяна алган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


