АКШнын Мамлекеттик катчысы Рубио: "АКШ Иран менен болгон согуштан кийин НАТО менен болгон мамилелерин карап чыгат"
АКШ үчүн Иранга каршы согушту колдоодон баш тарткан НАТО союздаштарынын аракеттери «абдан көңүл калтырган» болду. Аскердик операция аяктагандан кийин Вашингтон альянс менен болгон мамилесин кайра карап чыгат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Катардагы «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде билдирди.
Телеканалдын кабарчысы Рубиодон ЕБ жана НАТО өлкөлөрү «ушул чечүүчү учурда» АКШны сатып кетти деп эсептейби деген суроо узатты.
«Менимче, бул абдан көңүл калтырды. Дагы бир жолу айтам, президент жана биздин өлкө операция бүткөндөн кийин мунун баарын кайра карап чыгышы керек болот. НАТО АКШ үчүн пайдалуу болушунун себептеринин бири — ар кандай кырдаалдарда базаларга жеткиликтүүлүк», — деп жооп берди Рубио.
Ал белгилегендей, «зарыл учур келгенде», АКШ улуттук коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына олуттуу коркунуч бар деп эсептегенде, Вашингтон НАТОго мүчө айрым өлкөлөр — айрыкча Испания — өз базаларын пайдаланууга уруксат бербей койгонуна туш болгон. «Мындай кадамга барган башка өлкөлөр да бар», — деп кошумчалады ал. Анын айтымында, мындай учурда «АКШнын кызыкчылыгы эмнеде?» деген суроо жаралат.
«Мен дайыма НАТОну колдоп келгем. Себеби, базаларга жеткиликтүүлүк дүйнө жүзү боюнча аскердик операцияларда бизге таасир этүү мүмкүнчүлүгүн жана ийкемдүүлүктү берет. Бирок эгер НАТО болгону Европаны кол салуудан коргоо үчүн гана иштеп, ал эми бизге керектүү учурда базаларды колдонууга уруксат берилбесе — анда бул жакшы келишим эмес. Мындай шартта катышууну улантып, бул АКШ үчүн пайдалуу деп айтуу кыйын. Ошондуктан мунун баарын кайра карап чыгууга туура келет», — деди ал.
Март айынын башында Испания АКШга Иранга сокку уруу үчүн өз базаларын пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тарткан. Буга жооп катары Дональд Трамп Мадрид менен соода мамилелерин үзүү менен коркуткан. Андан кийин Испаниянын премьер-министри Педро Санчес билдирүү жасап, маселелерди дипломатия жолу менен чечүүгө чакырып, АКШ жана Израиль баштаган согушка каршы экенин айткан.
Ошондой эле El Pais басылмасы жазгандай, Испания америкалык-израилдик соккуларга катышкан учактар үчүн өз аба мейкиндигин жапкан. Өзгөчө кырдаалдарда гана учактарга конууга жана учуп өтүүгө уруксат берилген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


