Бишкекте милиция балдарга ийненин сыныктары кошулган момпосуй тараткан жаранды кармады
28-март күнү кечки саат 20:00 чамасында милицияга Ак-Ордо турак жай массивинде белгисиз эркек киши балдарга таратып жаткан момпосуйлардын ичинен ийненин сыныктары табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Ордо конушунун тургуну Б.Г. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2015-жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз адамдан ушундай эле момпосуйларды алышкан.
Бул факт боюнча Тергөө кызматы кылмыш ишин козгоду. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Милиция кызматкерлери шектүү катары Н.Д. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизишти.
Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, момпосуйлар жана башка заттык далилдер алынган.
Тергөө иштери улантылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


