Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тиешелүү тескемесине ылайык, Орозбаев Мирлан Кубатбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 1-апрелде, Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жаңы дайындалган биринчи орун басарды аппараттын кызматкерлерине тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

"Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы мамлекеттик кызматтын жогорку жоопкерчилигин белгилеп, жүктөлгөн милдеттерди так жана натыйжалуу аткаруунун маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле алдыдагы иштер боюнча бир катар тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз