"Артемида 2": АКШ 50 жылдан бери биринчи жолу адам башкарган "Орион" космос кемесин Айга ийгиликтүү учурду
АКШ «Артемида-2» миссиясынын алкагында 1972-жылдан бери биринчи жолу төрт астронавты бар космостук кемени Айга ийгиликтүү учурду. Жердин жандоочусун айланып өтүү сапары болжол менен 10 күнгө созулат, деп билдирет Би-би-си.
Space Launch System (SLS) ракета-алып учкучу «Орион» космостук кемеси менен кошо Флорида штатындагы Канаверал ракета учуруучу жайынан ийгиликтүү учурулду. Кеменин ичинде төрт астронавт бар.
«Артемида-2» миссиясынын алкагында «Орион» кемеси Айды бир жолу айланып чыгат. Экипаждын курамына НАСАнын астронавттары Рид Уайзман, Виктор Гловер, Кристина Кох жана Канаданын космостук агенттигинин астронавты Жереми Хансен кирет.
Айды айланып барып кайра кайтуу менен 10 күндүк экспедиция астронавттарды адамзат мурда жетпеген космостук тереңдикке алып чыгат.
Учууга бир нече мүнөт калганда Хансен: «Бул Жереми, биз бүткүл адамзат үчүн сапарга аттанып жатабыз», — деди.
Ал эми учурууну жетектеген Чарли Блэквелл-Томпсон экипажга мындай деди:
«Рид, Виктор, Кристина жана Жереми, бул тарыхый миссияда силер “Артемида” командасынын жүрөгүн, америкалык элдин жана дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөрдүн кайратын, ошондой эле жаңы муундун үмүтү менен кыялдарын алып бара жатасыңар. Ийгилик каалайм, “Артемида-2”! Алга!»
Учуруудан бир нече мүнөт өткөндөн кийин, астронавттар Жердин атмосферасынын жогорку катмарларына көтөрүлө баштаганда, командир Уайзман байланышқа чыгып: «Көрүнүш абдан сонун! Айдын чыгышы укмуш экен», — деди.
Үч жылга жакын даярдыктан кийин бул экипаж НАСАнын «Артемида» программасынын алкагында космоско учкан алгачкы адамдар болду. Бул программа 2017-жылы башталып, жакынкы он жылдыкта жана андан ары АКШнын Айда узак мөөнөттүү катышуусун камсыздоого багытталган, деп белгилейт Reuters.
Бул учуруу — АКШнын космостук агенттиги 10 жылдан ашык убакыт даярданган маанилүү этап болду. Boeing жана Northrop Grumman компанияларынын системалары адамдарды космоско коопсуз жеткире аларын далилдеди. Ошол эле учурда НАСА акырындап Илон Масктын SpaceX жана башка компаниялардын арзаныраак ракеталарына көбүрөөк таяна баштады.
Lockheed Martin компаниясы НАСА үчүн курган «Орион» кемеси учуудан 3,5 саат өткөн соң Жер орбитасында ракета SLSтин акыркы баскычынан ажырайт.
Андан кийин экипаж кемени кол менен башкарууга өтүп, анын башкарылуусун текшерип, миссия учурунда пландалган ондогон тапшырмалардын алгачкысын аткарат.
«Артемида-2» миссиясы — АКШнын Ай программасындагы негизги кадам. Анын максаты — 2028-жылы пландалган «Артемида-4» миссиясынын алкагында адамдарды Айга кондуруу.
НАСА бул конууну ишке ашырууну көздөйт — бул 1972-жылдагы акыркы «Аполлон» миссиясынан кийинки биринчи конуу болмокчу. Ошол эле учурда Кытай да өзүнүн Ай программасын кеңейтип, 2030-жылы астронавттарды кондурууну пландап жатат.
Бул миссияда астронавттар Жерден болжол менен 406 миң чакырым алыстыкка чыгышат — бул адамзат тарыхындагы эң алыс сапар болот.
Мурунку рекорд — 330 миң чакырым — 1970-жылдагы «Аполлон-13» миссиясынын экипажына таандык. Ал кезде кислород багы жарылып, техникалык көйгөйлөрдөн улам астронавттар Айга конбой кайтып келишкен.
2022-жылы НАСА «Артемида» программасынын алкагында биринчи учкучсуз миссиясын ишке ашырып, «Орион» кемесин Айды айланып кайра Жерге кайтарган.
«Артемида-2» миссиясы «Орион» кемеси менен SLS ракетасы үчүн олуттуу сыноо болуп эсептелет. Boeing жана Northrop Grumman бул ракетаны 2010-жылдан бери иштеп чыгууда. Программанын баасы бир учуруу үчүн 2 миллиард доллардан 4 миллиард долларга чейин өскөн.
Ошол эле учурда Илон Масктын SpaceX жана Жефф Безостун Blue Origin компаниялары НАСА колдончу Айга конуучу модулдарды иштеп чыгууда атаандашып жатышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


