Кутман Усупхожаев Ташкенттеги мелдеште атаандашын экинчи раундда муунту ыкмасы менен жеңди
Кыргызстандын спортчусу Кутман Усупхожаев (5-1-1) Өзбекстанда өткөн эл аралык ММА турниринде жеңишке жетти.
3-апрелде Ташкент шаарында Octagon 85 мушкерлер лигасынын кезектеги турнири уюштурулду.
Усупхожаев алдын ала беттештердин алкагында октагонго чыгып, өзбекстандык Бобиржон Исроилов (1-1) менен кармашты.
Экинчи раунддун аякташына бир мүнөт калганда кыргызстандык муунтуу ыкмасын ийгиликтүү колдонуп, атаандашы багынып берди.
Бул жеңиш Усупхожаев үчүн профессионалдык карьерасындагы бешинчи жеңиш болуп калды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


