Дүйнөлүк чемпионат: Кыргызстандын курамасы Болгарияны утту

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатын ийгиликтүү баштады.

Экинчи дивизиондун (В тобу) командаларынын мелдеши 6-апрелде Болгариянын София шаарында старт алды.

Биринчи турда кыргызстандыктар аянт ээлери менен беттешип, 5:3 эсебинде жеңишке жетишти.

Кыргызстандын курамында Мамед Сейфулов менен Александр Титов экиден шайба киргизишти. Дагы бир шайбаны Абдумалик Сапитов жаратты.

Бул жеңиштен кийин Кыргызстандын курама командасы 3 упай топтоп, турнирдик таблицада лидерликке чыкты.

7-апрелде экинчи турдун алкагында Кыргызстан курама командасы Кытай Тайбэйинин командасы менен ойнойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз