Өмүрбек Текебаев: Борбор Азияга келген инвестициянын 95%ы Казакстан менен Өзбекстанга кеткен
Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев 2026-жылдын 7-апрелинде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында сөз сүйлөп, Борбор Азияга келген инвестициялардын болжол менен 95%ы ушул убакка чейин Өзбекстан менен Казакстанга багытталып, ал эми Кыргызстан менен Тажикстанга дээрлик келбей калганын билдирди.
Анын айтымында, Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан кийин Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстанга болгон мамилеси жана артыкчылыктары кыйла өзгөргөн.
«Мен бир нерсени түшүндүм: эгер бир нерсенин болушу тагдырга жазылган болсо, ага багытталган эң кичине аракет да жетиштүү болот. Ал эми болбой турган нерсе, сен канчалык аракет кылба, башыңды дубалга урсаң да ишке ашпайт», — деди элчи.
Текебаев ошондой эле 2018-жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар жүгүртүү болгону 70–80 млн долларды түзүп, өтө аз болгондуктан дээрлик жокко эсе деп эсептелгенин айтты.
Анын маалыматына караганда, учурда товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 10 эсеге өсүп, кыргыз статистикасы боюнча 429 млн долларды, ал эми Германиянын маалыматы боюнча 733 млн долларды түзгөн.
Бирок акыркы учурда Орусияга карата санкциялык саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу товар жүгүртүүнүн көлөмү кайрадан төмөндөй баштаган.
Жыйындын жүрүшүндө Германиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин 2022–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


