Садыр Жапаров Улуу Британия менен АКШнын айрым кыргыз банктарына киргизген санкцияларына комментарий берди
Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөттөрү Кыргызстандагы айрым банктарга киргизген санкцияларга байланыштуу “кыргыз банктары Батыштын Орусияга каршы киргизген чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышкан деген далил жок” деп билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Мамлекет башчысы батыш өлкөлөрүнүн мындай чараларын экономиканын саясатташышы катары баалады.
– Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Бул ирет өлкөбүздүн финансы системасына байланышкан суроолорго жооп алгыбыз келет.
Улуу Британия өкмөтү «Централно-Азиатский Капитал Банкка» санкция салды. Себеби катары бул каржылык уюм Батыш өлкөлөрү Орусияга киргизген санкцияларды айланып өтүүгө жардам бериши мүмкүн экендиги көрсөтүлдү. Январь айында болсо АКШ кыргызстандык «Керемет Банкка» санкция киргизген эле.
Сиз мурдагы маектерде Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө жардам бербейт деп баса белгилеп келгенсиз. Бул чараларды азыр кантип баалайсыз? Кыргызстанга кандай таасир этет?
– Ооба, туура айтасыз. Январда АКШ чын эле «Керемет Банкка» санкция салды, анысы да банк санкцияларды айланып өтүүгө аралашып жатат деп.
Бирок эч кандай факт көрсөтө алышкан жок. Андай факт болгон эмес жана болбойт да.
Азыр Кыргызстанда 21 банк иштейт. Алардын бири санкцияга кабылбасын деп чечим кабыл алып, орусиялык рубль менен болгон операцияларды мамлекеттик «Керемет Банк» гана жүргүзсүн деп койдук. Бардык операциялар мамлекеттин көзөмөлүндө болот, киреше түздөн-түз бюджетке түшөт.
«Капитал Банк» дагы таза кирешесин толугу менен казынага өткөрүп берет.
АКШ санкция салгандан кийин биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангелдиев Кыргызстандагы АКШнын элчиси Лесли Вигерини чакырып, эмне болуп жатканын сурады. Элчи «бул маселени OFAC билет» деп жооп берди.
Андан кийин Амангелдиев баштаган делегация АКШга барып, OFAC өкүлдөрү менен жолугушту.
Биз элчи Вигериге «Керемет» менен «Капитал» банктарын көз карандысыз аудиттик компанияларга текшертип, жыйынтыктарын чогуу карап чыгалы» деп сунуштадык. Бирок алар макул болгон жок.
Ал жакта да бир дагы так факт көрсөтө алышкан жок, болгону «бизде маалыматтар бар» дешти.
Ал маалыматтар кайдан чыгып жатканын биз жакшы билебиз. Алар жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен ички душмандарыбыздын жөнөтүп жаткан жалган анонимдүү билдирүүлөрүнөн алынууда.
Ошол жалган маалыматтардын негизинде бизди санкциялык тизмеге киргизишти. Бирок далил көрсөтө алышкан жок. Биз бул маселени OFAC менен да, АКШ элчиси Лесли Вигери менен да талкууладык жана рубль боюнча эсептерди «Капитал Банк» жүргүзө турган болуп келиштик. Ал да 100% мамлекеттик банк, Финансы министрлигинин көзөмөлүндө, отчеттуулугу ачык.
Биз себебин кеңири түшүндүрдүк. Орусияда биздин 1 миллионго жакын мигрантыбыз бар, алар күн сайын Кыргызстанга миллиондогон рубль которушат. Бул каражаттарды алмаштырып, элге жеткиликтүү кылуу зарыл.
Эми болсо, АКШ «Керемет Банка» санкция салгандай, Улуу Британия «Капитал Банка» санкция киргизди. Дагы деле факт жок, болгону күмөн гана. Ошондуктан менин да күмөнүм бар. Алар Кыргызстандын экономикасы тез өсүп жатканын көрүп жатышат. Мисалы, биздин ИДП 11,7% өстү, бул боюнча биз КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы катарындабыз. Демек, дал ушул себептен бизге басым болуп жатат. Чоң державалар башка өлкөлөрдүн тез өнүгүшүн каалабайт. Алар өздөрүнө гана көз каранды болушубузду каалашат.
Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилерине – Дональд Трамп менен Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга толук маалымат жетпей жатат.
Экономиканы саясатташтырбоо керек.
Биз көп багыттуу саясат жүргүзүп жатабыз, силер менен да экономикалык кызматташабыз. Мисалы, жыл сайын Англияга 1 млрд долларлык алтын сатабыз. Мындай шартта бизге болгон мындай мамилени адилеттүү деп айтууга болбойт. Эгер ишенбей жатсаңар, анда далилдериңерди көрсөтүңүздөр. Банк керектүү бардык маалыматты ачык берүүгө даяр.
– «Централноазиатский Капитал Банкка» санкция киргизүү Орусияга зыян тийгизеби же Кыргызстан гана жабыркайбы?
– Орусия эч кандай зыян тартпайт. Чынын айтсам, «Капитал Банк» да жабыркабайт. Ал мурдагыдай эле Финансы министрлигинин көзөмөлүндө иштеп, мамлекетке киреше алып келет.
Орусияга санкция салынганда эмне өзгөрдү? Тескерисинче, алар өз өндүрүшүн, айыл чарбасын жогорулатты. Мурда импорттогон продукцияны азыр экспорттоп жатышат. Газ менен мунайды мурда кандай экспорттосо, азыр да ошондой улантып жатышат.
Мисалы, Сбербанктын санкциялардан кийин жылдык кирешеси 20 млрд долларга жетти деген маалымат бар (тактоо керек).
Албетте, айрым тармактарда санкциялардын кесепети бар. Бирок бул өлкө кыйрайт дегенди билдирбейт. Биз мунун баарын анализдеп жатабыз. Батыш өлкөлөрү да муну түшүнүп турат. Анткени алар өздөрү деле Орусия менен соода-сатык кылышууда.
2024-жылы Европа Биримдигине кирген өлкөлөр Орусия менен 141 млрд долларга соода жүргүзгөн. Ошонун ичинде европалык мамлекеттер Орусиядан 36 млрд долларлык товар импорттогон. Ал эми Улуу Британия өзү эле ошол жылы Орусия менен 2,2 млрд долларга соода кылган.
Бул эмнени билдирет? Демек, биз да өз муктаждыгыбыз үчүн Орусия менен кызматташууга укуктуубуз.
Биздин банктар негизинен Орусиядан акча которгон мекендештерибизге кызмат көрсөтүп жатат. Бул биздин да зарылчылыгыбыз, башкалардыкындай эле.
Ошондуктан талап койгондон мурун өздөрү үлгү болушу керек.
Биз экономикабызды өз күчүбүз менен өнүктүрүп жатабыз. Мындай кадамдар өнөктөштүк рухуна туура келбейт жана мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары бааланат.
Мен дайыма айтып келгем жана дагы бир жолу кайталап айтам: биз эл аралык милдеттенмелерди сактайбыз. Сактап келдик, сактап жатабыз жана сактай беребиз.
Бирок жарандардын кызыкчылыгына жана өлкөнүн соода-экономикалык өнүгүшүнө эч качан каршы барбайм. Санкциялык басымга карабастан, биздин күнүмдүк жашообуз уланат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.