Кыргызстандык жаран үч жашы жете элек баланы Израилдин жаранына жана казакстандык аялга балдар порнографиясы үчүн сатып жиберген, - УКМК

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-мартта жашы жете элек балдарды Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз чыгарып кетүүнүн туруктуу каналын уюштуруу боюнча ишке өкүм чыгарды. Бул тууралуу 7-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси («Балдарды сатуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстандын жараны А.А. жана Кыргызстандын жараны С.С. кармалган. Бул тууралуу УКМК 2024-жылдын 24-сентябрында маалымдаган.

Тергөө маалыматына ылайык, казакстандык аял Израилдин жараны менен сүйлөшүп алып, акча жана мүлк үчүн С.С. аттуу жарандан үч баланы сатып алышкан. Кийинчерээк алар жашы жете элек балдарга карата адеп-ахлакка туура келбеген жана диний-сектанттык мүнөздөгү аракеттерди жасашкан: балдарды жылаңачтатып, сүрөткө тартышкан. Андан соң бул сүрөттөрдү башка өлкөлөрдүн жарандарына жөнөтүшкөн.

Ошондой эле алар кыргызстандык Д.К. аттуу аялдын эки баласына толук камкордук алуу укугун алышкан. Бул балдарга карата да ушуга окшош кылмыш аракеттери жасалганы аныкталган.

Жыйынтыгында сот казакстандык аялды 12 жылга, ал эми кыргызстандык жаранды 11 жылга эркинен ажыратуу жазасына өкүм кылды.

УКМК жашы жете элек балдардын конституциялык укуктарын бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет жана жарандарды мыйзам талаптарын сактоого, балдардын укуктарын бузбоого чакырат. Мындай кылмыштар үчүн жаза сөзсүз болору белгиленет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз