Акжол Махмудов — Кыргызстандын тарыхында грек-рим күрөшү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону болгон биринчи спортчу
Акжол Махмудов 7-апрелде грек-рим күрөшү боюнча 2026-жылкы Азия чемпионатында алтын медаль жеңип алды.
Турнир ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жатат.
Махмудов 77 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштады. Кыргызстандык балбан төрт ирет удаа жеңишке жетишип, жыйынтыгында алтын медалга ээ болду.
Бул анын чоңдор арасындагы Азия чемпионаттарындагы төртүнчү алтын медалы болду. Мындай жетишкендикке Кыргызстанда грек-рим күрөшү боюнча буга чейин эч ким жеткен эмес.
Акжол Махмудов алгачкы жолу 18 жашында — 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында чемпион болгон.
Андан кийин ал 2022-жылы Монголияда жана 2023-жылы Казакстанда өткөн Азия чемпионаттарында дагы алтын медаль жеңген.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаттарында үч алтын медалы бар Жоламан Шаршенбеков бул мелдешти жаракат алганына байланыштуу өткөрүп жиберүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


