Кыргызстандын курама командасы Бишкектеги Азия чемпионатында 2-орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 6–8-апрель күндөрү өтүп, жалпысынан 10 медалдар топтому ойнотулду.

Командалык эсепте Кыргызстан курамасы 154 упай топтоп, 16 команданын ичинен 2-орунду камсыз кылды. Биринчи орунду Иран курама командасы ээледи. Үчүнчү орунду Өзбекстандын курама командасы алды.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз