Бишкекте милиция интернет-алдамчыларынын схемасын ачыктады

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы  интернет алдамчылык кылмыш схемаларынын түзүмүн ачып берди. Бул схемаларда уюштуруучулардан тартып ортомчуларга жана криптоалмаштыруучуларга чейин бир нече категориядагы адамдар катышары белгилүү болду.

Бул маалыматты шаардык милиция 9-апрелде «Киберкылмыштарды иликтөөдө соттордун, прокуратуранын жана ички иштер органдарынын өз ара натыйжалуу кызматташуусу» аттуу конференцияда сунуштады.

Маалыматка ылайык, схемада негизги ролду алдамчы — уюштуруучу ойнойт. Ал бардык катышуучуларды координациялап, социалдык инженерия ыкмаларын колдонуу аркылуу жабырлануучуларды башкарып, акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөйт.

Баштапкы этапта «активаторлор» деп аталган адамдар тартылат. Алар жергиликтүү тургундар болуп, SIM-карталарды сатып алып, активдештирип, коддорун алдамчыларга өткөрүп беришет. Бир SIM-карта үчүн акысы 4 миңден 12 миң сомго чейин жетет.

Андан кийинки баскычта «дропперлер» катышат — негизинен 16 жаштан 25 жашка чейинки жаштар. Алар өздөрүнүн банктык карталарын акча каражаттарын өткөрүү үчүн берип, ар бир карта үчүн 1 миңден 5 миң сомго чейин акы алышат.

Кийинки звено — «дроповоддор», башкача айтканда ортомчулар. Алар дропперлерден банк карталарын массалык түрдө сатып алып, уюштуруучуларга кайра сатышат. Алардын кирешеси бир картадан 3 миңден 15 миң сомго чейин болушу мүмкүн.

Акыркы этапта «арбитражчылар» катышат — криптоалмаштыруучулар. Алар уурдалган акчаларды P2P-платформалар аркылуу криптовалютага (айрыкча USDT) айландырып, курс айырмасынан пайда табышат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз