Хаменеи АКШдан жана Израилден репарацияларды талап кылды жана Ормуз кыстаасын башкаруунун «жаңы баскычына» өтөрүн убадалады
Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи Тегеран АКШ менен Израилди «жайына койбойт» жана согуш аракеттеринин жүрүшүндө өлкөгө келтирилген зыян үчүн алардан сөзсүз репарация талап кыларын билдирди. Бул кайрылуунун тексти Tasnim агенттиги тарабынан жарыяланды.
«Баары билиши керек: биздин өлкөгө кол салган кылмыштуу агрессорлорду биз жайына койбойбуз. Биз сөзсүз түрдө репарация талап кылабыз», — деди ал.
Ал ошондой эле Тегеран Ормуз кысыгын башкаруунун «жаңы баскычына» өтүүнү көздөп жатканын маалымдады. Бул аймакка көзөмөл жүргүзүү Ирандын АКШ менен сүйлөшүүлөрдөгү негизги шарттарынын бири болуп эсептелет. Хаменеи кошумчалагандай, Иран «согуш издеген эмес жана издебейт», бирок кандай гана шарт болбосун өзүнүн «мыйзамдуу укуктарынан» баш тартпайт жана «каршылык көрсөтүү фронту» менен биримдикте аракеттенет. Ошондой эле ал иран элин «бул согуш талаасында шартсыз жеңүүчү» деп атады.
Перс булуңундагы өлкөлөр тууралуу айтып жатып, жогорку лидер аларды «туура тарапты тандап, шайтандык жалган убадаларга алданбоого» чакырды.
8-апрелде АКШ менен Иран эки жумалык ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон «бардык аскердик максаттарга жеткенин жана андан да ашканын» айтып, Тегерандын 10 пункттан турган сунушун алганын билдирди. Анын айтымында, бул сунуш «сүйлөшүүлөр үчүн иш жүзүндө негиз боло алат».
Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
— Ислам Республикасына кол салбоо боюнча кепилдиктер;
— Ормуз кысыгына Тегерандын көзөмөлү;
— өлкөнүн уран байытуу укугун таануу;
— бардык санкцияларды алып салуу;
— компенсация төлөө.
CNN маалымдагандай, түз сүйлөшүүлөр 10-апрелде Исламабад шаарында өтмөкчү.
Трамп өз кезегинде тынчтык келишиминин негизги шарттарынын бири катары Ормуз кысыгын ачуу экенин баса белгиледи. Бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүлөрүнүн болжол менен бештен бири өтөт.
Ал эгер Тегеран ок атышууну токтотуу шарттарын сактабаса, АКШ «андан да кеңири жана күчтүү соккуларды» жасай турганын эскертти.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс:
«Келишим — бул ок атышууну токтотуу, ал эми биз сунуштап жаткан нерсе — сүйлөшүүлөр. Алардын тараптан негизги шарт — кысыкты ачуу. Эгер бул ишке ашпай жатканын көрбөсөк, президент биздин шарттарды карманбайт», — деп түшүндүрдү.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, бул суу жолу азырынча жабык бойдон калууда, бирок АКШ бул маалыматты четке кагууда.
Бул кырдаалдын фонунда Трамп европалык өнөктөштөрдөн жакынкы күндөрдө Ормуз кысыгындагы кеме жүрүшүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча так пландарды сунуштоону талап кылды.
Bloomberg агенттиги жогорку даражалуу НАТО өкүлүнө таянып билдиргендей, бул маселе Ак үйдө альянстын баш катчысы Марк Рюттенин катышуусунда өткөн жолугушууларда, ошондой эле Пентагондо жана Мамлекеттик департаментте талкууланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

