Салижан Шарипов Валентина Терешкова атындагы жатак-мектебинин окуучулары менен жолукту

Кыргызстандан чыккан алгачкы космонавт Салижан Шарипов Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы жатак-мектебине барды. 

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин катышты.

Кыргызстандык алгачкы космонавты окуучулар жол бойлой тизилип күтүп алышып, окуучулар тарабынан уютурулган театралдык программаны тартуулашты. 

Салижан Шарипов космоско чыгуу оор машакаттарды талап кыларын айтып, анын учкуч болуу кыялы алгачкы ирет мектеп жашынан башталганын, андыктан окуучулардын өзүнүн кыялынын үстүнөн талыкпай эмгектениши керектигин айтты.

Натыйжада космонавт окуучулардын суроолоруна жооп берип, өзүнүн өмүр жолу чагылдырылган китепти мектепке белек кылды. 

Салижан Шарипов Терешкова жатак-мектебине чейин өзүнүн наамын алып жүргөн мектепке да барган болчу. 

Шарипов 1964-ж. 25-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөндөн орто мектепти, Россиядагы Приморье жогорку учкучтар окуу жайын бүтүп, Токмоктогу илимий-машыктыруучу полкто учкуч-инструктор болуп иштеп жүргөндө космонавттар борборуна кабыл алынган.
Ал 1998-ж. 22-январда америкалык-россиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан Россиянын 88инчи, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп “Шаттл-Спейc” космос кемеси менен космоско учкан. Космостон “Шак” деген ысым алган. Космоско Россиянын атуулу катары учкан. Кыргыз, Россия жана Өзбек Республикаларынын Баатыры.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз