Алтынбек Мамашов Орусияда өткөн ACA турниринде биринчи раундда нокаут менен жеңгени үчүн дагы 20 000 доллар бонус алды
Кыргызстандык Алтынбек Мамашов Орусияда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде кайрадан жеңиши үчүн бонус алды.
12-апрелде ал Санкт-Петербург шаарында өткөн ACA 202 турниринде орусиялык Иван Богданов (18-6) менен беттешти.
Мамашов биринчи раундда нокаут менен жеңишке жетишти.
Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 20 000 доллар өлчөмүндө бонус алды.
16-январда Мамашов Краснодар шаарында өткөн ACA 199 турниринде АКШдан келген спортчуну экинчи раунддун 29-секундасында нокаут менен жеңген.
Ал жеңиши үчүн да кыргызстандык спортчу 20 000 доллар бонус алган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

