Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенттигинен кетти
Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматынан кетти.
15-апрелде Бишкекте КФСтин кезектеги конгресси өтүүдө.
Камчыбек Ташиев өз кайрылуусунун негизги бөлүгүн өлкөдөгү футболду колдогону үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирүүгө арнады.
«Мурда мен кайрадан президенттик кызматка талапкерлигимди коюуну каалагам, бирок азыр арызымды кайтарып алам. Мен өз миссиямды аткардым. Кетээр алдында айта кетейин, Кыргыз футбол союзунун жетекчилигине футболду сүйгөн адам келиши керек. Ар ким өзү сүйгөн иш менен алектениши зарыл. Мен футболдон кетпейм», — деди Ташиев конгресстин катышуучуларына кайрылуусунда.
Камчыбек Ташиев КФБдин президенти болуп 2024-жылдын 19-февралында кезексиз конгрессте шайланган.
Жаңы президентти шайлоо маселеси талапкерлер жок болгондуктан күн тартибинен алынган.
Жаңы президент шайланганга чейин союздун башчысынын милдетин биринчи вице-президент Нурдин Букуев аткарат
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

