Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу кызматтан кетти

Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицындын Кыргыз футбол биримдиги менен келишими 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөн. КФБ жетекчилиги, орусиялык адис менен келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды. 

Кыргыз футбол биримдиги кабарлагандай, Башкы машыктыруучу менен кошо анын машыктыруучулук штабы дагы толугу менен кетет. 
Бүгүн, 27-июнда КФБ Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев Максим Лисицын жана ал жетектеген машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушту. 
 
Жолугушуунун жүрүшүндө КФБ жетекчиси кабыл алынган чечимди жеткирип, ошондой эле КФБ Президенти Камчыбек Ташиевдин жана футбол коомчулугунун атынан, адистин натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Максим Лисицын бул кызматта бир жыл бою иштеп, курама үчүн тарыхый болуп эсептелинген 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундунда жетектеди. 
 
Орусиялык адис бул раунддагы күчтүү командалар менен татыктуу оюн көрсөтүп, футболчулар үчүн оюн тажрыйбасын топтоого шарттарды түзө алды. Машыктыруучу жаңы муундун оюнчуларына ишенимин арттырып, аларды командага жуурулуштуруу боюнча кынтыксыз иш жүргүздү. Ал келечектеги боло турган чакырыктарга команданын болгон даярдыгын жакшыртты.
 
"Кыргыз футбол биримдиги Максим Павловичке ыраазычылык билдирип, анын профессионалдык карьерасында мындан аркы ийгиликтерди каалайт! Рахмат, Максим Павлович",- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз