Садыр Жапаров: Биз 20 округ түзөбүз, ал эми облустар жана райондор жоюлат
Административдик-аймактык реформанын экинчи этабында райондор менен облустарды жоюу пландалып жатат. Анын ордуна 20га жакын округ түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, бул өзгөрүүлөр 2–3 жыл ичинде ишке ашырылат.
«Азыр республикада 44 район жана 34 шаар бар. Тагыраагы, Ноокат, Базар-Коргон жана башка, анын ичинде Гүлчө сыяктуу калктуу конуштарды эсептегенде 33 шаар десек туура болот. Жыйынтыгында облустар менен райондор жоюлуп, алардын ордуна 20га жакын округ калат. Башкача айтканда, жаңы форматтагы болжол менен 20 “облус” болот. Биз ушул багытта бара жатабыз», — деди ал.
Жапаров ошондой эле алгач бир округ түзүлүп, пилоттук режимде ишке киргизилерин кошумчалады.
«Бир, эки, үч жыл ичинде анын иштешин карап көрөбүз: өз алдынча башкарууга жөндөмдүү болобу, республикалык бюджеттен дотация албай иштей алабы же жокпу. Эгер баары ийгиликтүү болсо, анда облустар менен райондорду жоюп, округдар системасына толук өтөбүз. Бул — айыл аймактарын бириктирген реформанын уландысы, ал биринчи этап болчу. Жалпысынан ал ийгиликтүү өттү. Бирок айрым айыл аймактары, албетте, нааразычылыгын билдиришкен», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

