Түркияда эки күн ичинде мектепте экинчи атышуу болуп, 9 адам каза болду

Түркиянын түштүк-чыгышында орто мектепте 14 жаштагы окуучу ок чыгарып, тогуз адамды — алардын ичинде сегиз классташын — өлтүрүп, дагы 13 адамды жарадар кылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Окуя Кахраманмараш провинциясында болгон. Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчинин айтымында, сегиз окуучу жана бир мугалим каза тапкан. Ал ошондой эле жарадар болгондордун алтоосунун абалы оор экенин кошумчалады.

«Бул — жеке мүнөздөгү кол салуу, террордук акт эмес», — деди Чифтчи.

Провинция башчысы Мукеррем Үнлүэрдин маалыматына караганда, 8-класстын окуучусу сумкасына беш даана курал жана жети ок салгыч салып келген. Алар, болжол менен, мурдагы полиция кызматкери болгон атасына таандык болгон. Окуучу 5-класстын окуучулары отурган эки класска кирип барып, аларга ок аткан, андан кийин өзүн-өзү атып6 каза болгон.

NTV телеканалы шектүүнүн атасы кармалганын кабарлады.

Түркияда мектептердеги ок атуу учурлары өтө сейрек кездешет. Өлкөдө курал боюнча мыйзамдар катуу: куралга ээ болууга 21 жаштан жогору жана тиешелүү лицензиясы бар адамдарга гана уруксат берилет. Бирок укук коргоо органдарынын көптөгөн кызматкерлерине курал алып жүрүүгө жана сактоого уруксат берилет.

Бул акыркы эки күн ичиндеги мектептеги ок атуунун экинчи учуру болду. Шейшемби күнү Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шанлыурфа провинциясында мурдагы окуучу мектепте ок чыгарып, кеминде 16 адамды — окуучуларды жана мугалимдерди — жарадар кылган. Андан кийин ал да өз жанын кыйган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз