Бишкекте өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болгон спортчуларга канча акча берилди?
Кыргызстандын Күрөш федерациясы 2026-жылдагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлады.
Мелдеш 6–12-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөн.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында 29 спортчу катышып, жалпысынан 12 медаль утушту: 5 алтын, 1 күмүш жана 6 коло.
Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү — Мээрим Жуманазарова, Афтандил Таалайбек уулу, Раззак Бейшекеев, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов — ар бири 500 миң сомдон сыйлык алышты.
Экинчи орунду ээлеген Айпери Медет кызы 400 миң сом алды.
Ал эми коло медалдын ээлери — Нурзат Нуртаева, Гулнура Таштанбекова, Абдумалик Карачов, Яков Чаплин, Эрназар Акматалиев жана Жакшылык Байташов — 300 миң сомдук сертификаттар менен сыйланышты.
Грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча курама командалардын машыктыруучулар штабына 500 миң сомдон берилди.
Ал эми эркин күрөш боюнча курама команданын машыктыруучулары 300 миң сомдон алышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

