Ислам оюндарында жеңүүчү болгон спортчулар канча сый акы алышты? Тизме

Кыргызстандын күрөш федерациясы Сауд Арабиясында өткөн Ислам тилектештигинин оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлады.

Исламиада-2025 мелдешинде кыргызстандык балбандар жалпы жети медаль — 4 алтын жана 5 коло уткан.

Алтын медаль ээлерине 200 миң сомдон, ал эми коло медаль тагынгандарга 100 миң сомдон сый акы берилди.

Ошондой эле курама командалардын башкы жана улук машыктыруучуларына 200 миң сомдон тапшырылды.

Сый акылардын өлчөмү төмөнкүчө:

  • Айпери Медет кызы — 200 миң сом;
  • Мээрим Жуманазарова — 200 миң сом;
  • Акжол Махмудов — 200 миң сом;
  • Абдумалик Карачев — 200 миң сом;
  • Арууке Кадырбек кызы — 100 миң сом;
  • Раззак Бейшекеев — 100 миң сом;
  • Асан Жанышов — 100 миң сом;
  • Билол Шарип уулу — 100 миң сом;
  • Орозбек Токтомамбетов — 100 миң сом.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз