Ош шаарында расмий түрдө жарым млнго жакын адам жашайт
Бүгүн, 21-апрель күнү Ош шаардык кеңешинин XX сессиясы башталды. Ага Ош шаарынын мэри Ж. Акаев, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Күн тартибине 15 маселе коюлган.
Депутат Мирбек Маматов Ош шаарынын калкы канча экенин сурады.
Вице-мэр Масуда Айдарбекова статистика боюнча 489 миң адам бар экенин, бирок медициналык каттоодо андан көп экенин, расмий эмес 800 миңге жакын адам жашарын айтты.
Ошондой эле депутат 800 мин адамды тейлөө үчүн канча тез жардам борбору керек экенине кызыкты.
Тез жардам борбору курула турган 3 подстанция бар. Айдарбекова эгер ошол жерлер оңдолуп, курулуп калса, мэрия да карап турбай, жардам берерин билдирди
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

