Президенттин Ош облусундагы мурдагы өкүлү Зиядин Жамалдинов 2 айга камалды
Биринчи Май райондук соту 16-апрелде тергөө тобунун жетекчисинин — Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Ош облусундагы президенттин мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновду камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.
20-апрелде райондук соттун басма сөз кызматы «Сводка АКИpress» редакциясына билдиргендей, Жамалдинов КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 263-беренесинин 1-бөлүгү («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоону уюштуруу») боюнча айыпталууда.
Ал 10-июнга чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилди.
Булактардын маалыматына ылайык, кылмыш иши анын президенттин облустагы өкүлү болуп иштеген мезгилине байланыштуу.
2021-жылдын 22-июлунда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
2023-жылдын 14-апрелинде кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.
Ошондой эле Жамалдинов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3, 4 жана 6-чакырылыштарынын депутаты болуп иштеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

