АКШдан 95 кыргыз жараны депортацияланды
АКШдан Кыргызстандын 95 жараны депортацияланды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, АКШда чет өлкөлүк жарандарга карата миграциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар кабыл алынган.
«Бул чаралар көптөгөн мамлекеттердин жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына да тиешелүү. Жүргүзүлгөн миграциялык иш-чаралардын жыйынтыгында 2025–2026-жылдары АКШдан Кыргызстандын 98 жараны депортацияланды.
Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн же сапарга чыгууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандарын барган өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого жана керектүү документтерди өз убагында туура тариздөөгө чакырат», — деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

