Батыш Казакстанда акыркы эки күндө катуу жааган жаандан улам 550дөн ашык мал өлгөн

Казакстандын Маңгыстау облусуна караштуу Каракия районунда фермерлер малдын массалык кырылып жатканын билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болуп, анын натыйжасында жерлер баткакка жана ылайга айланган. Бул тууралуу Lada.kz кабарлады.

Каракия районунун акиматы 20–21-апрелдеги мал кырылуусу боюнча маалымат берди.

20-апрелде жалпы 237 баш мал өлгөнү катталган. Анын ичинде 100дөн ашуун жылкы, ошондой эле жүздөн ашык кой жана эчки бар.

21-апрелде 316 баш мал кырылган. Алардын басымдуу бөлүгүн жылкылар түзсө, калганы кой жана эчкилер.

Жалпысынан эки күндүн ичинде райондо 550дөн ашык мал кырылып, алардын дээрлик жарымы жылкы болгон.

Маңгыстау облусунун акиматы бул жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

«Азыркы учурда Каракия районунда жерлердин жууп кетиши жана баткакка айланышы себептүү жергиликтүү бийлик органдары өндүрүш ишканалары менен биргеликте атайын техникаларды тартуу иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле малдын жалпы саны такталып, тиешелүү актылар түзүлүүдө», — деп билдиришти акиматтан.

Актылар түзүлүп, малдар чиптери аркылуу аныкталгандан кийин ветеринардык кызмат менен бирге кырылган малды жок кылуу иштери башталат. Кырылган мал үчүн чыгымдын ордун толтуруу маселеси колдонуудагы мыйзамдардын негизинде каралат, деп кошумчалашты облустук бийлик өкүлдөрү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз